Жаңылыктар
Коомдук жайларда спирт ичимдиктерин ичкендерге жаза күчөтүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Коомдук жайларда спирт ичимдиктерин ичкендерге жаза күчөтүлөт

Жогорку Кеңеште, коомдук жайларда спирт ичимдиктерин ичкендердин жана мас абалында жүргөндөрдүн жазасын күчөтүү каралды. 

"Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. 

Мыйзам долбоорго ылайык азыркы 100-300 сомдун чегиндеги айыптын өлчөмүн 1000ден 3000ге чейин, эгер жаштар ичсе ата-энесине 2000ден 3000 сомго чейин айып салуу сунушталууда.