Жаңылыктар
Өрт коопсузудугу сакталбаган базар жетекчилигине 50 миң сом айып салынды
Кыргызстан жаңылыктары
Өрт коопсузудугу сакталбаган базар жетекчилигине 50 миң сом айып салынды

Бишкектеги “Аламүдүн” базарынын жетекчилигине 50 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Мамэкотехинспекция билдирди. 

Адистердин айтымында базарда өрт коопсуздугу боюнча талаптар одоно бузулган. Өрт кырсыгы каттала турган болсо, жарандар жабыркап, соодагерлер олуттуу материалдык чыгымга учурашы мүмкүн. 

Соода тилкелеринин башаламан, жыш жайгашкандыгынан өрт өчүрүүчү унаалардын кирүүсүнө тоскоолдук жаралган. 

Мамэкотехинспекция билдиргендей, базардын башкармалыгына буга чейин да эскертүүлөр берилген.