Тарыхый мекенине туруктуу жашап калуу үчүн келген этникалык кыргыздардын саны арбын болгону менен алар үчүн кээ бир маселелер түйшүк жаратууда. Учурда Кыргызстанда башка өлкөдөн кайтып келген 60 миңге жакын кыргыз жашайт. Алардын арасынан 6 миңге жакын адам жарандыгы жок, тагдырдын оор сыноосуна кабылууда.
Тажистандан ооп келген Амырабай Эшматовдун жашаган күнү ушул. Жубайлар 4 кыз, бир уул жана неберелери болуп 7 жылдан бери кыйынчылыкта күн кечирип келет. Экөөнүн тең ден-соолугу начар, иштебей колу бош, үйдө сегиз адам бир уулунун колун карап жашайт.
Кара-Балта шаарындагы эски бала бакчаны 22 этникалык үй-бүлө байырлайт. Көбүнүн кыргыз жарандыгы жок, кайрылман макамын да ала элек. 130дан ашык адам шыбынан тамчы тамган эски имаратты үй тутат.
79 жаштагы Айтбүбү апа чакан ным баскан бөлмөдө турат. Ал тамчы түшпөгөн жерди тандап уктайм деп кейиди. Бул имарат дагы талашка түшкөн. Этникалык кыргыздарды бала бакчаны жергиликтүү бийликтин тартып алуу аракети түйшөлтүүдө.
Ушул күндө 6 миңден ашык жаран каттоосу жок жашап жатат. Паспорту жоктугунан өздөрү менен кошо балдары дагы социалдык кепилдик ала албайт. Ал эми документтин жоктугу бура бастырбайт экен.
Мамлекет тарабынан башка өлкөдөн тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздарга кайрылман макамы берилет. Бул макам жарандык алуу, укуктук жактан коргоо жана мамлекеттик камкордугуна алынышына шарт түзүүгө багытталган. Ошондой эле жарандык да берилүүдө.
Кыргызстанда этникалык кыргыздар үчүн ушул өңдүү бир нече жай каралган. Анда жашагандын көбү көчүп келген өлкөдөн алган документинин мөөнөтү өтүп кетип же өздүгүн тастыктаган бир да кагазы жок болгондуктан жарандык ала албай кыйналууда.