Жаңылыктар
Өзбекстан пайдаланып келген Кыргызстандагы 12 объект өлкө менчигине өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Өзбекстан пайдаланып келген Кыргызстандагы 12 объект өлкө менчигине өттү

Мурда Өзбекстан пайдаланып келген Кыргызстандын аймагындагы 12 объект ушул жылдын апрель айында Кыргыз өкмөтү тарабынан толугу менен өлкө менчигине өткөн. Анын ичинде Кадамжайдын Кайтпас айылындагы өзбек тарапка таандык алты имарат бар. Учурда жергиликтүү бийлик ал имараттарды кайрадан оңдоп айыл элине пайдаланууга бергени турат. 

Кадамжайдын Кайтпас айылында 3 миңге жакын жашоочу бар. Буга чейин айылда бала бакча, маданият үйү, спорт зал болгон эмес. Апрелде кыргыз өкмөтүнүн башчысы Өзбекстан пайдаланып келген 12 объектини Кыргызстанга кайтаруу боюнча токтом кабыл алган. Анын ичинде Өзбекстандын эсебинде турган жарандык коргонуу, атайын гараж сыяктуу алты чоң ишкана жайгашкан имарттар бош калган. Жергиликтүү бийлик жетекчилери ар тараптан каржы булактарын таап имараттарды бала бакчага, жаштардын баарлашуу борборуна, маданият үйүнө айлантышууда.

Кайтпас айылынын башчысынын буга чейин өзүнчө кеңсеси болгон эмес. Иш кагаздарын көтөрүп ар кайсы жерге көчүп-конуп иштеп жүрдүм дейт. Эми минтип иш орду гана эмес, бир жылга жетпеген аралыкта 100 орундуу бала бакча, айылдык клуб жана жаштар үчүн баарлашуу борбору ишке берилгени турат.
Бош калган имараттарды оңдоп түзөөгө эл аралык уюмдар каржылык колдоо көрсөтүштү. Чек ара айылындагы бөбөктөр эми бала бакчага бара баштайт.