Жаңылыктар
Турак-жайын камсыздандыргандардын саны көбөйдү
Кыргызстан жаңылыктары
Турак-жайын камсыздандыргандардын саны көбөйдү

Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы иш алып барып жатканына аз гана убакыт болгонуна карабай 400 миң сомго камсыздандыруу төлөмдөрүн ишке ашырды. Күн санап бул системага тартылган жарандардын саны арбып, турак-жайын камсыздандырууну каалагандар көбөйдү. Себеби өзгөчө кырдаалдан эч ким камсыздандырылган эмес.

Чет өлкөлөрдө турак-жайды камсыздандыруу кызматы кеңири жайылган. Кыргызстанда бул түшүнүк бир жыл мурда пайда болду. Мындан улам көпчүлүк үйүн камсыздандыруу пайда деле алып келбейт деп эсептейт. Бирок жаратылыш кырсыгы же кандайдыр бир жардыруу же өрт кырсыгынан турак-жай зыянга учураса өкмөттүн көзүн карап, үмтөткөн учурлар көп.

Дал ушундай жагдайга жыл сайын өлкө боюнча жүздөгөн жараныбыз туш болот. Алардын айрымдарына гана кенемте төлөнүп берилет. Камсыздандыруу компаниясы менен келишим түзгөндөрдүн саны учурда 9600 адамды түзөт. Алардын ичинде жетөөнүн турак-жайы жабыркаган. Азырынча беш жаранга тарткан зыянынын өлчөмүнө жараша каражат төлөндү.

15-декабрда дагы эки жабыр тарткан адамга кенемте берилет. Экөөнүн тең турак-жайы толугу менен күйүп кеткен. Алар эми жарым миллион сомдон алышат. Камсыздандыруу компаниясы зыянды төлөп берүү көп деле убакытты албастыгын белгилейт.

Турак-жайды камсыздандыруунун кыйынчылыгы деле жок. Жарандар документ чогултуп убара да болушпайт. Болгону турак-жайга болгон техпаспорт жана үйдүн кожоюнунун паспорту талап кылынат. Республика боюнча мамлекеттик камсыздандыруу компаниясынын кеңселери ачылган.

Мамлекеттик уюмдун кызматкерлери жарандардын баарына турак-жайын камсыздоону сунуштайт. Эгер кандайдыр бир кырсык катталса компания алар тарткан чыгымды төлөп берет.