Жаңылыктар
Беш күн ичиндеги каттоого туруу эрежеси 91 өлкө үчүн алынат
Туризм
Беш күн ичиндеги каттоого туруу эрежеси 91 өлкө үчүн алынат

Өкмөт чет элден келген жарандарды Кыргызстанда каттоодон өткөрүү тартибин жеңилдетүү маселесин кайрадан карап чыгат. Бул боюнча чечим ушул жылдын 19-декабрында кабыл алынат.  Ага ылайык, жарандарын беш күн ичинде каттоого туруудан бошоткон өлкөлөрдүн тизмеси, ошондой эле чет элдиктерди каттоо тартибинин жеңилдетилген түрү жарыяланмакчы. 

Негизи жыл сайын бул убакта Караколдогу тоо лыжа базасы туристтерге толуп калчу. Коноктор коңшу өлкөлөрдөн, ошондой эле алыскы чет мамлекеттерден келишчү. Караколдуктардын айтымында быйыл лыжа менен сноубдорд тээп көңүл ачып кетчү чет элдиктердин саны кескин кыскарган.

Тур операторлор жана Каракол шаарынын тургундары быйылкы туристтик маалдагы мындай жагдайды тышкы миграция боюнча кабыл алынган мыйзамга байланыштырып жатышат. Документке ылайык чет элден келген жарандар 5 күндүн ичинде милдеттүү каттоого турушу керек. Мындай эреже 4-ноябрда күчүнө кирген. Мыйзамды бузгандарга 10 миң сом өлчөмүндөгү айып пул каралган.

Беш күндүн ичинде каттоого туруу эрежеси 91 өлкөнүн жарандары үчүн жокко чыгарыларын өкмөттөн билдиришти. Токтомдун долбоору өкмөттүн расмий сайтына илинип, бир айдан бери коомдук талкуу жүрүүдө.

Мындан сырткары чет элдик жарандарды каттоо эрежеси жеңилдетилүүдө. Анын ичинен чет элдик коноктор каттоодон Мамлекеттик каттоо кызматынын адистери иштеп чыккан интернет портал аркылуу өтүшсө болот.
Бир катар өлкөлөрдүн жарандары үчүн беш күндүн ичинде каттоодон өтүүнү жокко чыгаруу боюнча токтомдун долбоору 19-декабрда кабыл алынат. Мындай кадам өлкөдө туризмдин өнүгүүсүнө жана инвестициялык климатты жакшыртууга өбөлгө болот дешет адистер.