Жаңылыктар
Политклиника: Так талашка даярдык кызыды
Кыргызстан жаңылыктары
Политклиника: Так талашка даярдык кызыды

Солто коомунун нааразычылыгы деп, Солто коомунун аксакалдары жазган каяша менен бүгүн Азия Ньюс жаңы санын  тартуулады. “Кыргызтудей” сайтына “Оштун үч баатырынан кем калбай биригебиз деген Чүй кланынын “ үч баатырынын чайлашуусу”деген макаланы окуган аксакалдар тобу Темир Сариев жөнүндө Солто коомуна жана Жоочалыш уруусуна тиешелүү калп маалыматтарды бергенин, Темир Сариев кыргыздын көрүнүктүү саясатчысы, ал Солто коомунун төрагалыгына эч убакта өз талапкерлигин көрсөтпөгөнүн, генерал Кубатбек Кожоналиев болсо бул коомду жетектегенин такыр билишпегенин анан Солто атанын небереси Жоочалыш экенин, анын урпактары Сокулук районунун ондон ашык айылдарында жашай турганын  айтышып, азыркы боло турган шайлоолордун алдында ата-бабалардан калган санжыраны саясатка айландырбаса деген  академик, Солто коомунун аксакалдар кеңешинин төрагасы Карыпбек Алымкуловдун, коомдук ишмер Ормон Шаршеновдун, аксакалдар кеңешинин мүчөсү Адамкалый   Чыныбаевдин жиберген  тилегин гезит биринчи бетине Санжыраны Саясатка айландырбагыла деген аталышта басты.

Ушул эле гезиттин  биринчи бетинде Аалы Карашев хан болобу деген суроо коюлган.  Мындан тышкары Түштүктүн тыңчыкмаларын бүт сабаган Алтынбектин каруусу Канат Исаевге жетпей койду дегенди, Кудайрбеген Базарбаевдин күчүн албасак, абалыбыз жакшырбайт дегенди, Жакупова мандатын тапшырса, парламенттин куту кетет  дегенди, “Үч баатыр” жаңжал менен тараганы турушат, тырышсак да Темир Сариевди буза албайбыз, Аалы Карашев КСДПнын бирдиктүү талапкери катары президенттик шайлоого аттанабы дегенди майда маалыматтарды кураган алгачкы бетинен окуй аласыздар. Азия Ньюс бул санында Руслан Казакбаев партиялаштары үчүн ак жолтой болду деп, министр Калилов Аргын Малабаевдин кадрынан арылабы деп, Балыкчы мэри Алмаз Мамбетов элден бата алганын жана Бакыт Төрөбаевдин атын жандоочтору булгай баштаганын жазды. Бүгүнкү сан Улукбек Марипов КРнын Эсеп Палатасынын жетекчилик кызматына келгенине 10 айдын жүзү болду.

Кары келсе ашка, жаш келсе ишке деген кыргыздын накыл кеби сыңар жаш кадрлар, иштин көзүн билген кесипкөй адистер мамлекеттин бир бучкагын татыктуу чоюп турса жүрөгүң жылыйт экен деп Эсептөө Палатасынын жетекчиси Улукбек Мариповдон “Коррупция менен күрөшүүдө өзүбүз үлгү бололу” деген аталышта маек алышкан.

Азия Ньюс гезити да бул санында табият сатылбасын деп, Сары челек биосфералык коругу туурасында жазылган Кордолгон корук деген макалага орун берген. Кызыктуу маекти Кытайдын Кызыл Суу автономиялуу облусунда туулган “Джей Инвест Консалтинг”  компаниясынын негиздөөчүсү жана директору  Женни Жеңиш кызы “ Жаштар өз укугун билбегендигин, караңгылыгын даана көрсөтүштү деген аталышта  курган. Мындай аталган маектин себеби  “саясатка анча кызыкпаса да кыргыз жараны катары  жоопкерчилигин аткарганын ошону менен бирге эле шайлоого катышкыла, кайдыгер болбогула деп жаштарды  үндөгөнүн, өкүнүчтүүсү 40 пайызы гана араңдан зорго катышканын көпчүлүгү студенттер болсо да референдумдун маанисине анча түшүнө беришпеген  өкүнүчүн билдирген. Студенттер өздөрүн өсүтүрүп, пайдалуу китептерди окуп, коомдо эмне болуп жатканын билип, маалымат алуулары керек. Бирок бүгүнкү жаштар маалымат жетиштүү заманда жашап жатса деле келечегине болгон кайдигерлиги өкүндүрүп турат деп, өзүнчө эле бир жабылуу дүйнөдө жашагандай сезилгенин, фейсбук баракчаларында акылдуусунганыбыз менен өзгөрүүнү өздөрүнөн баштабай жатканын айтып,соңунда оптимисттик маанайын да маегинде белгилеп өткөн.

Абактан жазылган катка да бүгүн Азия Ньюс орун берди Түрмө дүйнөсү жазылган бул макала Жан дүйнөмдү тилип жаралган жакшы ырларым кошо камакта деп аталат. “Коншулаш өлкөлөргө наркотик ташыйм деп абакка камалдым” деп 9-класска чейин бактылуу балалыкта жашап эми минтип бул тагдырды жашап жатам деген 36 жаштагы аты жөнүн Гүлназ Курманбекова деп  тааныштырган бул катка да көз жүгүртүп алыңыз.

Ыр түрмөгү да бул санда. Умтулдум ырлардагы бийигиме, умтулбай бийликтин бир бийигине деген аталышта Атахан Кожогулов   Сага, Телеведение, акын Жолдошбек Зарлыкбековдун элесине арналган эки ыры: Пастернактай  ай жаак акын сен элең, Билгендер бийигиңди эстеп ырдаар деген ыр топтомун тартуулаган. Эми Политклиника менен уланталы.

 Бүгүн Политклиника Так талашка даярдык кызыды деген теманын алдында жарык көрдү. Бул тема Алтын балык мобулар Президент болом деп жатат деп Өмүрбек Бабанов, Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Адахан Мадумаровдун азил чынга айландырган сүрөттөрү менен аталды.  Теманын уландысы гезиттин 7-бетинде сөз болот. . Бул сандан ЖКтин депутаты Таабалды Тиллаевдин “Мектепке барбаш үчүн жол боюндагы ылайга оонаганым эсимде” деп саясаттан тыш курган маегин, Тимур Токтаналиевдин Имамдар-экстремисттерге каршы күрөшө турган бирок азырынча аксап жаткан оор артиллерия деген макаласын окуй аласыздар. Мамлекет жана расмий диний мекемелер радикализмдин коркунучтарын жок кылууда мечит кызматкерлерине үмүт артат, бул жаатта ар кандай көйгөйлөр бар экендиги ушул макалада кенен айтылат.

Маданият жылын узатып жаткандагы ойлорду бүгүнкү Политклиникага төкмө акын Азамат Болгонбаев КРнын Эл артисти Замир Сооронбаев, дагы бир төкмө акын Аалы Туткучев  аркылуу билдирген.  

Маданият кызматкерлерине канчалык деңгээлде  көңүл бурулганын, жетекчилердин кимиси кайсы концертке келип, же кайсы спектаклди көрүп кеткенин слытышырып айтып беришкен.  Бул ойлорду Премьер “пример” болсо, министрлер да концертке келет турбайбы деген аталышта орун алды. КРнын Өкмөт башчысына, Жогорку Кеңештин төрагасына өрткө каршы мамлекеттик кызматтын арадгерлери “Тилсиз жоо менен күрөшүү –бул оюнчук эмес деген аталышта  жиберилген Кайрылуусун басты. Кызыктуу маек бар ал акын Тазагүл Закировадан “Кыялымдагы адам тууралуу күнү бүгүн да жазып келатам деген аталышта орун алган.

Дагы бир маек ырчы Бурул Аруновадан “Үй бүлөм үчүн карьерамды таштаганга даярмын деген аталышта алынган.

Биздин замандын кишилеринен сөз уланат.  Бул рубрика  бул ирет Жианжи өнөрүн баккан кыргыз жигити Кыргыз-Түрк- Манас университетинин англис тили жана адабияты бөлүмүнүн үчүнчү курсунун  студенти Адам Алишеровдун биздин коомдо анчалык белгилүү болбогон байыркы өнөрдү өздөштүргөнү туурасында тааныштырат. Бул өнөр кытай элинен калган оймо-чиймелерди сүрөттөрдү бычак же кайчынын жардамы менен кагаз бетине түшүрүү болуп саналат экен. Окуп тамшанып алыңыз.