Жаңылыктар
ЖК: айылдык кеңештердин төрагаларына айлык төлөп берүү демилгеси көтөрүлүүдө
Саясат
ЖК: айылдык кеңештердин төрагаларына айлык төлөп  берүү  демилгеси көтөрүлүүдө

Жогорку Кеңештин депутаттары  айылдык кеңештердин  төрагаларына  айлык төлөп  берүү  демилгесин  көтөрүүдө.  Өкмөт  болсо  мыйзам  долбооруна  терс  корутундусун  берди.   Сунушталып жаткан  мыйзам долбоору ЖКда  кайчы пикир жаратты.  Айрымдар, колдоо керектигин айтышса, дагы бири  ишке ашырууга мүмкүнчүлүк  жок дешүүдө.

11-декабрда  жергиликтүү кеңештердин  депутаттары  шайланды.  Айылдык  кеңештерге  депутаттык  креслого отурууну каалагандар да  жетиштүү  болду.  Бирок,  айылдык  кеңештердин  төрагалары  эмгек маяна  албай иштеп  келген .  

“Жергиликтүү   өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзам  долбооруна киргизилип жаткан  өзгөртүүлөргө  ылайык, шаардык кеңештердин  төрагаларыныкы  сыяктуу  эле  айылдык кеңештин төрагасына  да айлык  төлөп берүү ага кошумча  жооптуу  катчылык штатты киргизүү  демилгеленүүдө.  Ал эми  каржы  булагы  жергиликтүү бюджет  тарабынан  жүргузүлөт.  

Жергиликтүү кеңештерге жооптуу катчы кызматын киргизүү сунушу абдан туура болгондугун айткан депутат Бакыт Райымкулов мындай түзөтүү жергиликтүү бюджетке анчалык деле оорчулук келтирбестигин белгиледи.

Бир катар депутаттар  өлкөдөгү  айыл өкмөттөрүнүн  көпчүлүгү    дотацияда экендигин   , Өкмөт тарабынан каржы маселеси чечилбегендигин   белгилешти.  Талкуу соңунда  мыйзам долбоору 2-окууда  колдоо тапты.