Жаңылыктар
Ала-Арчага кыргыз эл акыны Сооронбай Жусуевдин эстелиги коюлду
Кыргызстан жаңылыктары
Ала-Арчага кыргыз эл акыны Сооронбай Жусуевдин эстелиги коюлду

Ала-Арча көрүстөнүндө Кыргыз Республикасынын Баатыры, кыргыз эл акыны Сооронбай Жусуевдин эстелиги коюлду. 

Эл акынын эскерүү зыйнатына өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков, президенттик аппараттан Аалы Карашев, Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Абынамап Кутушев, кыргыз Эл жазуучусу Бексултан Жакиев баштаган бир катар коомдук жана мамлекеттик ишмерлер катышты. 

Анда улуу ата мекендик согуштун ардагери, Сооронбай Жусуевдин чыгармачылыгы, коомдук иштери жана согуштагы күндөрү эскерилди. Жусуевдин 30дан ашык китеби өз эне тилинде, 14 китеби орус тилинде жарык көргөн. 

Акындын ыр китептери казак, өзбек, украин, азербайжан, тажик тилдеринде басылган жана ырлары алыскы жана жакынкы чет элдердин тилдерине которулган. Белгилей кетсек эл акыны Сооронбай Жусуев ушул жылдын 4-февралында дүйнө салган.