Жаңылыктар
Шайлоонун толук жыйынтыгы келерки аптада чыгат
Саясат
Шайлоонун толук жыйынтыгы келерки аптада чыгат

Борбордук шайлоо комиссиясы референдум жана жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жыйынтыктарын келерки аптада чыгарат. Бул тууралуу борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Учурда аймактык тилкелерде добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча түшкөн арыз-даттануулар каралууда. Эске салсак 11-декабрда Бишкек шаарындагы №1044 жана Жалал-Абаддагы 2098 шайлоо тилкелеринде автоматтык эсептегич иштебей калып, жарым саатка жакын бюллетендерди кагаз үкөккө чогултушкан.

Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештерге шайлоолордун жана референдумдун толук жыйынтыгын чыгара элек. Буга дагы төрт-беш күн талап кылынчудай. Мыйзамга ылайык добуштар автоматтык эсептөөчү үкөктөн сырткары, колго да саналышы керек. Жыйынтык колго саналган доубштардын негизинде чыгарылат, учурда АШКлар арыз даттанууларды карап жатышат.
Арыз даттануулар деле анча көп эмес. Буга чейин интернет баракчаларга Жалал-Абад шаарындагы №2098 аймактык шайлоо тилкеси деп аталып, бюллетендерди тобу менен автоматтык эсептөөчү үкөккө салып жаткан видео тараган. Айрым партиялар бул окуяны “массалык бюллетень ыргытуу” деп сыпаттап, кылмыш жоопкерчилиги тууралуу сөз козгоп жиберишкен. Бирок окуянын чыныгы себеби башкада болгон.  Бул окуяны кийин аймактык шайлоо тилкесиндеги комиссия мүчөлөрү жана партиялардын, жарандык коомдон байкоочу болуп отургандардын бардыгы тастыкташкан. Мына ушундай эле жагдай Бишкек шаарынын Ленин районунда №1044 аймактык шайлоо тилкесинде орун алган. 11-декабрда саат 13:30да аталган шайлоо тилкесинде автоматтык эсептөөчү үкөк иштебей калып, жарым саатка жакын бюллетендерди кагаз коробкага чогултушкан. Буга андагы байкоочулар, комиссия мүчөлөрүнүн бардыгы макулдук беришкен. Жабдык оңдолгон соң бюллетендер автоматтык урнага салынган.


Бул маселе күн мурун Бишкек шаардык аймактык шайлоо тилкесинде каралып, №1044 шайлоо тилкесиндеги жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарды. Референдумдун добуштары боюнча маселе жаралган. Учурда бардык аймактар боюнча шайлоо жана референдумдун жыйынтыктары колго саналып бүттү. Учурда Борбордук Шайлоо Комиссиясы аймактардан протоколдорду күтүүдө.
Мыйзамга ылайык шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болгондор өздөрүнүн доо арыздары менен тиешелүү мекемелерге шайлоо бүткөндөн кийин 3 күндүн ичинде кайрылышы керек. 

Алгач аймактык шайлоо тилкелерине, анын чечими канааттандырбаса Борбордук шайлоо комиссиясы, андан кийинки инстанция сот органдары. Негизи үгүт өнөктүгү башталгандан бери жана шайлоонун жүрүшү боюнча Башкы прокуратурага жалпы 20 кайрылуу келип түштү. 

Самат Асипов, Коомдук биринчи канал