Жаңылыктар
“Азия-2” базарынын ээси Сегизбаева сатуучуга кол көтөргөн
Кылмыш
“Азия-2” базарынын ээси Сегизбаева сатуучуга кол көтөргөн

Кара-Балта шаарындагы “Азия-2” базарынын ээси Сууракан Сегизбаева жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоо жана референдум өткөндөн кийин сатуучу Айгүл Дүйшөнбиевага кол көтөргөн. Чыр-чатактын себеби базардагы соодагерлер анын партиясына талап кылынган добушту топтоп бере алган эмес.

Шайлоонун алдында базардын кожейкеси Сууракан Сегизбаева "Азия-2 " базарында соода кылгандардын ар бирине он бештен киши тапкыла деп катуу талап койгон. Базарда отургандардын айтымында аларга он бештен адам таап, алар “Жаңы шаар” партиясына добуш бериши керек эле.
“Сууракан Сегизбаева шайлоонун алдында мына мындай тизмелери тараткан. Ар бирибиз 15 кишиден таап, шайлоо участокторуна алып барып, анын “Жаңы шаар” партиясына добуш беришибиз керек эле. Ал партиянын атынан анын кызы Назгүл жана Тилек Сегизбаевдер талапкерлигин койгон. Ал анын талабын аткарбасак бизге аренда акыны көбөйтөм деген. Биз чуркап киши издеп, тааныштарыбызды суранып жүрдүк. Алдын-ала паспортторубузду текшерип, биометриканы тапшырганыбызды такташыптыр, ким тапшырбаса белгилеп коюшкан.” 
Базар ээсинин талабын айрым сатуучулар аткарса, кээ бирлер аткара алган эмес. 11-декабрь добуш берүү күнү Сууракан Сегизбаева базарын жаап, дарбазасына адегенде добуш бергиле, анан гана иштейсиңер деп бакыйтып жазып койгон.
Шайлоодо “Жаңы шаар” партиясы 7 пайыздык босогону багындырды. Базардын кожейкесинин уулу Тилек Сегизбаев алдын-ала жыйынтыктар боюнча депутаттыкка өткөн, ал эми кызы добуш жетпегендиктен өтпөй калган. Соодагерлердин пикиринде дал ушул жагдай базар ээсин капа кылып, ачуусун Айгүл Дүйшөнбиевадан чыгарган. Учурда ал ооруканада жатат.
“Мен беш киши тапкам. Аларды өзүм шайлоо участогуна алып барып, “Новый город” партиясына добуш салсын деп көзөмөлдөп турдум. Шайлоонун эртеси биздин базаркомдун кызы депутаттыкка өтпөгөнүн уктук. Кожейке келип чатак салды, мен Сууракан эже балаңыздын өткөнүнө сүйүнсөңүз дегем. Ал ачууланып, мени чачтан алып сүйрөдү башка соккулап, катуу түртүп жиберди. Мен өзүмдү кармай албай жерге жыгылып, бордюрга башым менен тийдим”. 
Дарыгерлер жабыр тарткан Айгүл Дүйшөнбиеванын абалын канаттандыраарлык деп баалап жатышат.
Биздин чыгармачыл топ тасмага түшүрүп жаткан маалда базардагы иш токтоду. Базар ээсинин кызы келип, интервью бергендердин ижара акыларын көтөрө турганын билдирди.
“Кааласаңар иштегиле каалабасаңар иштебегиле. Бул биздин базар бул жеке менчик. Биз эч кимди добуш бергиле деп зордогон жокпуз, эч кимди сатып алган жокпуз".
Өмүрбек Кайыпбердиев, соодагер:
Эгер менден адамча добуш топтоп бериңиз деп адамча суранса мен 10 эмес 100 добуш топтоп бермекмин. Алар бизди адам катары көрбөйт биз кул катарыбыз. Алар бизди контейнерибизди жабабыз, аренданы көтөрөбүз деп коркутушат. Ушул адамдар кантип депутат болот? 
Соодагерлер жана жабырлануучу Айгүл Дүйшөнбиева арыз менен милицияга кайрылган.
Бакыт Курманкожоев, А. Дүйшөнбиеванын күйөө баласы:
“Биз милицияга кайрылдык. Бирок алар эч кандай чара колдонгон жок. Кара-Балта чакан эле шаар баары бири-бирин тааныйт. Базарком менен милиция бир болуп алышканбы дейбиз. Ошондуктан биз шаардык прокуратурага да арыз менен кайрылдык”. 
Соодагерлердин айтымында биздин чыгармачыл топ кеткенден кийин Сууракан Сегизбаева базарга келген. Эми ал интервью бергендердин контейнерлерин жаап саларын айтып коркутканын сатуучулар билдиришти. 


Нургуль Жумабекова, Коомдук биринчи канал