Жаңылыктар
Камсыздандыруу уюму жабыр тарткан 7 жаранга чыгымын төлөп берди
Өзгөчө кырдаал
Камсыздандыруу уюму жабыр тарткан 7 жаранга чыгымын төлөп берди

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму ушул жылдын февраль айынан бери жабыр тарткан 7 жаранга чыгымын төлөп берди. Анын ичинде камсыздандыруу боюнча алдыңкы көрсөткүчтөгү Ош облусунун эки жаранына 500 миң сомдон 1 млн.сом берилди. Милдеттүү түрдө турак-жайды камсыздандыруу боюнча иш алып барган жападан жалгыз мамлекеттик уюм, мекендештерибизди өрттөн жана табигый кырсыктардан турак жайын камсыздандырууну эскертет.

Кара-Суу районунун Баш-Булак айылынын тургуну алты баланын атасы Усөнбай Исмаилов 1994-жылы төрт бөлмөлүү үй курган. Түтүн булаткан 30 жыл ичиндеги бар тапканын үйгө салышкан. Кырсык басып, минтип үйү толугу менен күйүп кетти. Окуя 26-ноябрда таңкы тогуздар чамасында болгон. Бул кичинекей бөлмөдө чоң үйдү жылытчу меш орун алган. Кандайдыр бир себеп менен чыккан өрттү үйдүн кожоюну бул бөлмөнүн ичи күйүп түтүн терезеден чыгып калганда гана байкаган.
Өрт үйдүн чатырынан бери каптап калганда байкалгандыктан, өчүрүп калуу мүмкүн болгон эмес. Натыйжада, үй ичиндеги буюм-тайымдын баары күлгө айланган. Анын ичинде август айында гана мамлекеттик камсыздандыруудан өткөндүгүн тастыктоочу келишими да бар болчу.
Тилек Додонов, Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Ош облусундагы өкүлү: бул жарандын келишими күйүп кеткен. Бирок келишимдин бир нускасы бизде сакталуу болгондуктан , бул келишим калыбына келтирилип берилди.  
Аталган уюмда сакталган нусканын негизинде, бул жаран мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан 500 миң сомдун сертификатын алды.
Турак-жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандырууда айыл жергесиндеги атуулдар жылына 600 сомдон, шаардагы үй ээлери 1200 сомдон төлөшөт. Жыл аягында, келишимдин мөөнөтү бүтүп калган учурда, ошол эле турак-үйдүн техникалык паспорту менен үй ээсинин өздүк документинин негизинде келишим кайрадан жаңыланат.
Миргүл Бокошева, Коомдук биринчи канал, Ош облусу.