Жаңылыктар
Казакстандык фильм кинофестивалда Гран-приге ээ болду
Маданият
Казакстандык фильм кинофестивалда Гран-приге ээ болду

Кыргызстан-кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү аталышындагы 6- эл аралык кинофестивалдын жыйынтыктары чыгарылды. Фестивалдын сынактык программасына 200дөн ашуун өлкөлөрдүн киночулары өз эмгектерин жөнөтүшкөн. Алардын ичинен 13 мамлекеттин тасмалары кабыл алынган.

Улуттук сынакта Болсунбек Таалайбек уулу “Олжо” тасмасы менен “Мыкты улуттук фильм” жана “Көрүүчүлөрдүн купулуна толгон тасма” деген 2 номинацияны жеңип алды.
“2 номинация жеңип алуу мен үчүн абдан күтүүсүз болду. Алдыда дагы көп мыкты фильмдерди тартам деген пландарым бар”. 
“Мыкты режиссёр” номинациясында Кенжебек Шайлообаев “Тегирмен” кыска метраждуу тасмасы менен биринчиликке чыкты.
“Мен абдан толкунданып турам. Бул фестивалда биринчи жолу катышып жатам. Бул статуэтка абдан чон стимул берди. Алдыда чон кинолорду тартам деген умут пайда болду”. 
“Эң мыкты үн жасалгасы” номинациясы “Лунатик” тасмасынын үн режиссёру Калыбек Шерниязов жана режиссёр Зирегүл Кубандык кызына берилди. Ал эми эл аралык сынакта “Көрүүчүлөрдүн купулуна толгон тасма” номинациясын Орусиялык режиссер Александр Соколовский жеңип алды.
“Тасмабыз ушундай чоң номинацияга татыганы күтүүсүз болду. Бул фестиваль абдан масштабдуу сынак, мында жеңүүчү болсоң мындан да масштабдуураак фестивалдарга жол ачылат. Кыргызстандын киночуларына ыраазычылык. Чынында эле, кыргыз киносу мыкты өнүгүптүр, кыргыз киночуларынан көп нерсени үйрөнүп алса болчудай”. 
Ал эми эл аралык сынакта “Мыкты тасма” номинациясы Молдовалык режиссёр Павел Кузуйокко ыйгарылса, “Мыкты режиссура” номинациясында Казакстандык режиссёр Берик Жаханов алдыга чыкты. “Калыстар тобунун купулуна толгон тасма” номинациясында “Байлык азгырыгы” тасмасы менен Сырга Кубандык кызы, Адилет Каржоев жана латвиялык режиссёр Петерис Кимелис биринчи орунду алышты.
Фархад Бекмамбетов, Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары:
“Быйыл маданият министрлиги фестивалды колдоого алды. Бул Кыргызстандын бренди болуп калды”. 
“Кыргызстан - кыска метраждуу фильмдердин өлкөсү” аталышындагы эл аралык фестиваль быйыл 6-жолу өтүп жатат. Иш-чара залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата уюштурулуп келет. Анда, КМШ, Балтия жана Грузия өлкөлөрүнүн киночулары катышат. Быйыл, улуттук сынакта 14, ал эми эл аралык сынакта 12 тасма биринчилик үчүн ат салышкан.
Актилек Гүлжигит кызы, Коомдук биринчи канал