Жаңылыктар
Каракол шаарында жаш төкмө акындардын айтышы жүрүүдө
Маданият
Каракол шаарында жаш төкмө акындардын айтышы жүрүүдө

Каракол шаарында төкмө акын Майра Керим кызынын элесине арналган жаш төкмө акындардын айтышы жүрүп жатат. Ага Казакстандан, Кытайдан жана Кыргызстандан он төрт акын ат салышууда. Иш чара тарых маданият жылына карата Каракол шаардык кеңешинин чечими менен уюштурулуп, үч жүз элүү миң сом бөлүнүп берилген.Максаты,жаш акындарды колдоп , эл алдына алып чыгуу жана тарых жана маданият жылына арналды. Айтыштын экинчи күнүндө сегиз акын тандалып алынып, бүгүн жеңүүчүлөр аныкталат. Баш байге жүз миң сом.Биринчи орунга жетимиш миң, экинчиге элүү,үчүнчүгө отуз миң сом каралган. Калган жаш өнөрпөздор да акчалай сыйлык менен сыйланышат.