Жаңылыктар
ЖК: санариптик телекөрсөтүү жөнүндөгү мыйзам добуш берүүгө жөнөтүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
ЖК: санариптик телекөрсөтүү жөнүндөгү мыйзам добуш берүүгө жөнөтүлдү

Санариптик телекөрсөтүүнүн өнүгүшүн тездетүүнү шарттоочу мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Санариптик телерадиоберүүгө өтүү программасына ылайык иштелип чыккан мыйзам долбоорундагы түзөтүүлөр радио жыштык спектрин пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. Ошондой эле сунушталып жаткан өзгөртүүлөр колдонуу чөйрөсүн так аныктоо максатын көздөйт. Эксперттердин баамында бул өлкөдө санариптик телекөрсөтүүнүн өнүгүшүн олуттуу тездетишине мүмкүндүк берет. Андан тышкары, мыйзамда телерадиоберүү системасынын субьектилерин так чектөө сунушталууда, бул алардын ишмердигин, ошондой эле жоопкерчилигин аныктоого өбөлгө түзөт. 

Белгилей кетсек, бүгүнкү  күндө өлкө аймагында 8 коомдук жана 13 мамлекеттик каналдар иштеп келет. Маданият, маалымат  жана туризм министрлиги билдиргендей мурда  соцпакет 13 канал менен  бекитилген  болчу, ал өзгөрүүсүз калган. Республикада  тесттик санариптик телекөрсөтүүсү 2014-жылдын 6-ноябрында башталган.

Рахат Кыдыртоктоева, "Биринчи радио"