Жаңылыктар
Жалал-Абад: 63 адам жеңилдетилген ипотекалык насыя алды
Экономика
Жалал-Абад: 63 адам жеңилдетилген ипотекалык насыя алды

Жалал-Абадда 63 адам жеңилдетилген ипотекалык насыя алган. Бул арыз берген кызматкерлердин 10% түзөт. 

Көрсөткүчтүн аз болуп жатанын мугалимдер ипотекалык насыянын үстөк пайызынын жогору болуп жатканы менен байланыштырышат. Бюджеттик мекмелердин кызматкерлеринин айлык маянсына карап үстөк пайыз коюлсун деген сунушту айтышууда. 

Жалал-Абад облусунда турак үйгө ипоткекалык насыя алуу үчүн кайрылгандардын саны 600дөн ашкан. 

Ал эми компания тарабынан колдоо таап,турак үй алгандардын саны 63кө жеткен.Мамлекеттик ипотеканын өкүлдөрү билдиргендей 2017-жылдын аягына чейин Жалал-Абад шаарына 60 батирлүү үйдүн курулушу бүткөрүлөрт. Андан соң,албетте, ипотекалык негизде берилмекчи.

Талгат Бакиев, "Биринчи радио"