Жаңылыктар
УКМК Аблязовдун билдирүүсүн текшерет
Саясат
УКМК Аблязовдун билдирүүсүн текшерет

Башкы прокуратура  Мухтар  Аблязовдун  билдирүүсүн текшерүү боюнча УКМКга кайрылды. Буга чейин, казакстандык олигарх  Мухтар Аблязов 2005-жылы Кыргызстандагы революцияны каржылаганын билдирген эле. Бул айтылгандар коомчулукта талкуу жаратып, саясатчылар да көз караштарын билдирүүдө.  

Эскерте кетсек, Мухтар Аблязов БТА банкынын Директорлор кеңешинин мурдагы төрагасы болгон. Ал Казакстанда каржылык махинация иштери боюнча айыпталып, соттук иликтөөлөр башталары менен качып кетүүгө үлгүргөн. 2011-жылдан 2012-жылга чейин Улуу Британияда баш калкалап, 2013-жылы 31-июлда Франциянын Ницца шаарынан кармалган. Бирок Франция менен Казастандын экстрадициялоо тууралуу макулдашуу жоктугун жүйө келтирилип, өткөрүп берилбей келет. 

Аблязовду өткөрүп алууга ошондой эле Россия, Украина да аракет кылып келгенине карабастан, 9-декабрда Франциянын мамлекеттик кеңеши Мухтар Аблязовду Россияга экстрадициялоо боюнча токтомду жокко чыгарды. Дагы бир жагдай, олигарх  Мухтар Аблязовго  кыргыз паспорту берилгени  тууралуу маалыматтар тараганы белгилүү.

Гүлбүбү Усенова, "Биринчи радио"