Жаңылыктар
Азияны багындырган тасма
Маданият
Азияны багындырган тасма

Режиссер Дальмира Тилепбергенованын “Асман алдында” тасмасы Индияда өткөн 8-эл аралык кинофестивалдан жемиштүү кайтты. Анда Азия тасмаларынын сынагында “Эң мыкты фильм” наамына ээ болду. 

Ошондой эле, Азия киносун өнүктүрүү боюнча НЕТПАК уюмунун калыстар тобунун атайын байгесине да арзыды. Тасмада-сүйүү, жоготуу жана ишеним эки бир туугандын эки башка мүнөзү аркылуу чагылдырылган. Аны менен катар ата бабалардын баа жеткис осуятынын мааниси чагылдырылган. 

Кыргызстандын Кинематография департаменти билдиргендей, фильмди чет элдик көрүүчүлөр жана катышуучулар кызыгуу менен көрүп, кыргыз жеринин кооздугуна жана тоолоруна суктанышкан. Фильм 60 өлкөдөн катышкан 170 тасманын ичинен калыстардын өзгөчө мактоосуна да татыды.