Жаңылыктар
Өзбекстан: жаңы өзгөрүүлөр байкалуудабы?
Саясат
Өзбекстан: жаңы өзгөрүүлөр байкалуудабы?

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев мамлекет кызматчылар өз ишин так аткарыш керек, андай болбосо аларды кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартыш керек деди. 25 – сентябрда ачылган интернет-кабылдамага элден 218 миң арыз-кайрылуулар түшкөнүн айтып, «эмнеге аткаминерлер калктын маселелерин ордунан чечпейт, «Жеке жана юридикалык жактардын кайрылуусу туралуу» мыйзам бар экенин унутуп калышканбы!» деп айраң-таң болду.

Айта кетелик, бул арыздардын эң көбү – 42,7 пайыз – Өзбек өкмөтү менен шаардык жана областык акимияттарга жибериптир. Демек, мындан арыздын көбү акимияттын иши менен байланыштуу экенин билсек болот. Ички иштер министрлигине өкмөт түшкөн арыздардын 21,4 пайызын жиберилиптир. Мындан элдин арыз-муңунун көбү укук бузуу жана кылмыш менен байланыштуу экенин билсек болот.

Дагы бир кызык маалымат – бүткүл арыздын 45,7 пайызы Ташкент калаасы менен Ташкент облусунун элинен экен. Бул бизге Өзбестанда Интернет колдонуучулардын көбү Ташкенде жана анын тегеренинде гана экенинен кабар берет. Кененирээк аудиодон укса болот.

Уктурууну даярдаган Алмаз Батилов, аны менен Рахматулла Кудайбердиев тааныштырды.