Жаңылыктар
ВСП+ макамы Жогорку Кеңеште талкууланды
Экономика
ВСП+ макамы Жогорку Кеңеште талкууланды

Европа Биримдигинин Кыргызстанга берген ВСП+ макамы Жогорку Кеңеште талкууланды. Жыйынга катышкандар бул статус өлкө экономикасы үчүн маанилүү экенин белгилешет. Бирок, товар өндүрүүчүлөр батыш өлкөлөрү койгон талаптарды так сакташы керек. 

Экономика министрлиги Европа Биримдиги тарабынан ыйгарылган “Жеңилдиктердин жалпы системасын” натыйжалуу пайдалануу үчүн ишкерлерге маалымат берилип жатканын билдирет. 

Ал эми айрым эл өкүлдөрү бул жаатта иштер жетишсиз экенин белгилешти. ВСП+тун жардамы менен Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлар Евпропанын Бажы төлөмдөрүнөн бошотулат. Келээрки жылы өлкөнүн экспорттук потенциалын баалоо үчүн атайын комиссия келээри күтүлүүдө.

Калыгул Асамбаев, "Биринчи радио"