Жаңылыктар
Ысык-Көлдө ашкере динчил болуп кеткен үй-бүлөлөр бар
Дин
Ысык-Көлдө ашкере динчил болуп кеткен үй-бүлөлөр бар

Ысык-Көл районунда светтик жашоону тап-такыр танып, ашкере динчил болуп кеткен үй-бүлөлөр бар. Алар диний көз караштан улам балдарын мектепке жибербейт. Ал турсун эмдөөдөн да баш тартышкан. Райондун аймагында мындай 4 үй-бүлө бар. Алар өзүлөрүн өзүлөрүн “Тентек жамаат” деп аташып, амирлерине гана баш ийгени айтылууда.

Жергиликтүү бийлик, укук коргоо органдары, диний башкармалык аларга ар тараптуу түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнү менен азырынча көзгө көрүнөрлүк жыйынтык боло элек. 

Салттуу ислам дининде билим алуу адамдын калыптанышындагы маанилүү жол экени айтылат.

Ай сайын РИИБдин өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери диний көз караштан улам балдарын мектепке жибербеген үй-бүлөлөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө аракет кылышат. Кененирээк аудиодон уксаңыз болот.

Бозулан Ысаков, "Биринчи радио"