Жаңылыктар
“Манас” эпосун изилдеген жаш аспиранттар сыйланды
Маданият
“Манас” эпосун изилдеген жаш аспиранттар сыйланды

“Манас” эпосун изилдеген жаш аспиранттар сыйланды. 

“Манас” эпосу - кыргыз тарыхынын, тилинин жана маданиятынын соолбос булагы” аттуу сынак жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды. Илимий жарышта 8 автордун эмгеги ат салышкан. 

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 16-декабрда Кыргыз улуттук китепканасында өттү. Сынактын максаты - “Манас” эпосун кеңири даңазалоого түрткү берип, мамлекеттик тилде изилдөө жүргүзгөн изденүүчү аспиранттарга колдоо көрсөтүү болду. 

Иш-чара “Тарых жана маданият” жылынын алкагында КРдин Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан уюштурулду.