Жаңылыктар
Жумгалдагы Байзак айылынын маданият үйү капиталдык ремонттон өтүп жатат
Кыргызстан жаңылыктары
Жумгалдагы Байзак айылынын маданият үйү капиталдык ремонттон өтүп жатат

Өнөрлүүлөрдүн ордосу эсептелген Жумгал районундагы «Байзак» айылынын маданият үйү капиталдык ремонттон өттү.

 Ал үчүн алты миллион сом бөлүнүп, эл өздүк үлүшүнөн төрт миллион сом кошумча кошту. 

Натыйжада ушу тапта аталган жайда оңдоп-түзөө жумуштары кызыган кез. 

Ага ылайык, биринчи кабат ден соолукту чыңдоо борборуна бериле турган болсо, экинчи кабат мурдагыдай эле китепкананын, музейдин жана өнөрпоздордун кызматтарына коюлмакчы. 

Тилекке каршы, «Байзактагыдай» көрүнүш ага коңшу «Куйручук» айыл аймагында байкалбайт. Мындагы өткөн кылымдын 60-жылдарында курулуп, эскилиги эчак жеткен клубду кара кулпу кайтарган бойдон турат.