Жаңылыктар
Жалал-Абад: катталган өрт кесепетинен эки бир тууган өспүрүм каза болду
Кырсык
Жалал-Абад: катталган өрт кесепетинен эки бир тууган өспүрүм каза болду

Базар-Коргон районунда катталган өрт кесепетинен эки бир тууган өспүрүм каза болду. Алдын ала божомол боюнча үйдүн ичин түтүн каптап баштаганда, балдар сыртка чыга албай калышкан.

Анткени үйдүн эшиги сыртынан бек болгон. Кырсыктан каза болгон жаш өспүрүмдөрдүн сөөгү бүгүн Кара-Ой айылында жерге берилди. 

Ички иштер бөлүмүнө үй кожойкесинин берген маалыматы боюнча, ал өз атасы ооруп калганы туурасында кабар угуп, 14-декабда кечке маал ошол жака кетет. Балдарын болсо үйүнө камап кеткен. Ал эми балдардын атасы ал убакта Москвада болгон.

Кырсыктан эки баласынан бирдей ажырап калган үй бүлө База-Коргон айылындагы Кара-Үңкүр көчөсүндөгү үйдү ижарага алып көчүп келгенине бир ай гана болгон. Каза болгон 10 жаштагы Тургунай менен 6 жаштагы Жоробектин сөөктөрү тийиштүү экспертизалардан кийин туугандарына кайтарылып, бүгүн жерге берилди. 

Учурда каза болгон балдардын апасы окуядан улам стресске кабылып, оорукангана түшкөнү маалым болду.