Жаңылыктар
Шахта урап, кишилерди басып калды
Өзгөчө кырдаал
Шахта урап, кишилерди басып калды

Бүгүн түшкү саат 12лер чамасында,Таш-Көмүр шаарындагы шахтада көмүр казып жаткан 4 жаранды уранды басып калды. 

Кырсык катталаар замат ӨКМдин куткаруу кызматы жетип келип,ыкчам аракетин көрүшкөн жана 1 жаранды уранды алдынан куткарып калышкан. Адистер билдиргендей жарандар мыйзамсыз жана кароосуз калган шахтаны казып жатышкан.

“Биздин 28 куткаруучу ыкчам жетип барып,таш астында калган 1 жаранды алып чыгышты. Ал эми эки жарандын жансыз денесин казып алышты. Бүгүнкү күндө 1 жарандын жансыз денесин издеп жатышат. Аман калган жаранга биринчи жардам көрсөтүлдү”, - деди ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын ыкчам бөлүмүнүн башчысы Акылбек Ботобеков.