Жаңылыктар
“Азия 2” базардын директору Сегизбаевага кылмышы иши козголду
Кылмыш
“Азия 2” базардын директору Сегизбаевага кылмышы иши козголду

Айрым аймактардагы шаарларда буга чейин аты билинбеген партиялар шайлоодон босоголук 7 пайыздан өтүп, жергиликтүү кеңештерге келгени турат. 

Бирок бул партиялардын кээси криминал менен байланышта болушу мүмкүн деп шектелүүдө.  Ошол эле учурда аймактарда барктуу болгон бул майда партиялар элдин ишенимине татып, жеткиликтүү добуш алганын айткандар бар.

Бул Кара-Балта шаарындагы “Азия 2” базарынын соодагерлери. Алар базардын жетекчилиги Сезизбаева “Жаңы шаар” партиясына ар бир соодагер кеминде ондон добуш салышы керектигин, эгер андай болбосо соода кылуучу жайдагы орундун ижара акысын көтөрөм, -деп коркутканын айтышууда.

Сегизбаеванын бир улу менен кызы ушул "Жаңы шаар" партиясынан талапкер болгон. Уулу өтуп, кызы өтпөй калганда. Мындан улам, Сегизбаева айрым соодагерлердин ижара акысын көтөрүп жиберген. Бул боюнча Боршайком дагы кабардар болду. Шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Осмоналиевдин айтымында, базар жетекчилигинин соодагерлерди тигил же бул партияга добуш чогулткула дегени - кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу болуп эсептелет. Ал тургай бул окуяга криминалдын тиешеси болушу мүмкүн экени да айтылууда.

Анан да булуттан чыккан айга окшоп чыга калган партиялар көрсөткөн талапкерлердин арасында мурда соттолгон, ал тургай адам өлтүрүп, отуруп чыккандары да болгон. Албетте, алардын жоругу ачык билингенден кийин дароо бөгөт коюлуп, талапкерлиги алынып салынган.