Жаңылыктар
Президент Д.Зилалиевди кабыл алды
Экономика
Президент Д.Зилалиевди кабыл алды

 Жаратылыш байлыктарын натыйжалуу пайдалануу үчүн тоо-кен тармагында иштердин ачыктыгын арттыруу, мамлекет тарабынан көзөмөлдү күчөтүү жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу. Бул маселелер Президент Алмазбек Атамбаев Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиевди кабыл алган учурда талкууланды. 

Жолугушууда Мамлекет башчысына калкты электр энергиясы жана жылуулук менен туруктуу камсыз кылуу үчүн өлкөнүн энергетикалык системасын бекемдөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралу маалымат берилди. Андан тышкары, ири тоо-кен өндүрштөрүнүн ишине, “Жерүй” кенинде кийинки жылга бекитилген график боюнча казуу комплексин курууга даярдык көрүү иштерине токтолду.