Жаңылыктар
Пиротехникалык заттар өзүнчө жайларда сатылыш керек
Кыргызстан жаңылыктары
Пиротехникалык заттар өзүнчө жайларда сатылыш керек

Пиротехникалар базарлардын ичинде эмес, коопсуздук эрежелери сакталган өзүнчө жайда сатылышы керек. Бирок азырынча Бишкектеги базарларда мындай жайлар ишке кире элек. Экокологиялык жана техникалык инспекциянын маалыматы боюнча, жардыруучу заттар базарларда ачык сатылган жок. Анткени соодагерлерге базарлардын кожоюндары пиротехниканы ачык сатканга уруксат бере элек.

“Биз 7-декабрда бардык базардарга ачык сатууга, коопсуздук эрежелери сакталбаган жерлерге сатууга болбойт деген маалымдаманы бергенбиз” - дейт Экотехинспекциянын адиси Данияр Исмаилов.