Жаңылыктар
Баткенде сасык тумоо күч алды
Ден соолук
Баткенде сасык тумоо күч алды

 Баткен облустук биргелешен ооруканасына сасык тумоо менен кайрылгандардын саны үч миңге жетти. Учурда жугуштуу ооруулар бөлүмүндө дарыланып жаткан бейтаптардын 70 пайызы сасык тумоо оорусуна кабылгандар.

Оору 10 жашка чейинки өспүрүмдөрдө көп кездешип жаткандыктан билим берүү бөлүмдөрү мектеп окуучуларына атайын бет кап тагынууну эскертишүүдө. Оору башталгандан тартып бир жума аралыгында дене табы көтөрүлүп, эч кандай дары дармектер жардам бербегендиктен ооруканага кайрылгандардын саны көп болду. Ага карабастан Баткен районунун аймагындагы бардык билим берүү мекемелери иштеп жатат.