Жаңылыктар
Режиссер айымдарды колдоо кинофоруму Бишкекте старт алды
Маданият
Режиссер айымдарды колдоо кинофоруму Бишкекте старт алды

 Бишкекте Кыргыз айым режиссерлорунун I кинофоруму башталды. Кинофорум Чынгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө өтүүдө. Иш-чара Кыргыз киносунун 75 жылдык юбилейине арналып, Тарых жана маданият жылынын алкагында уюштурулган. Мындай жыйын Орто Азия аймагында алгач ирет уюштурулуп жатат. “Кыргызстан үчүн - бул чоң сыймык, айым режиссерлорду колдоп, кинофорумду жыл сайын өткөрүү максатыбыз бар”, - дешет уюштуруучулар.

“Бүгүн бизде чоң кубаныч болуп жатат. Биринчи жолу мындай кинофорум уюштуруп жатабыз. Биздин негизги максатыбыз - кыргыз айым режиссерлорун кыргыз эли менен тааныштыруу жана аларды колдоо” - дейт кинофорумдун негиздөөчүсү Асел Жураева.