Жаңылыктар
Каракол педагогикалык колледждин тарых музейи ачылды
Маданият
Каракол педагогикалык колледждин тарых музейи ачылды

Бир кылымга жакын тарыхы бар Каракол шаарындагы педагогикалык колледждин эмгек жамааты өз күчтөрү менен тарых музейин ачышты. Бул демилге быйылкы тарых жана маданият жылына арналат. Мындагы сүрөттөр жана экспонаттар көбүнчө окуу жайында мурдагы колдонулуп келген окуу куралдары, документтер жана атактуу инсандардын эмгектери менен камтылган. Мындан сырткары согуш жана эмгек ардагерлеринин сүрөттөрү жана буюмдары коюлган. Эмгек жамаатынын билдирүүсүндө музейди түптөө демилгеси мурда эле пайда болгон. Бирок каражат маселеси тартыш болуп келген. Музей биринчиден окуу жайдын студенттерине жана жалпы эле өсүп келе жаткан жаш муундарга ата-бабалардын басып өткөн жолу кандай болгонун таанытуу максатын көздөйт.

"Музей тарых жана маданият жылына арналды. Бирок айтаарым бул окуу жайы өзү эле тарыхка абдан бай окуу жайы. Себеби биздин окуу жайга үч жылдан бери бизге токсон жыл болот. Музейди ачуу жалпы биздин эмгек жааматынын демилгеси. Себеби бизден мыкты инсандар, педагогтор, академиктер окуп бүткөн" - дейт Каракол шаардык педагогикалык колледжинин директору Саламат Молдосанов.