Жаңылыктар
Шаарды көркөмдөгөн отургучтар
Кыргызстан жаңылыктары
Шаарды көркөмдөгөн отургучтар

 Эми борбор калаабызды өзгөчө отургучтар көркөмдөп турат. Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттиги курулуш компаниясы менен бирге “New Bishkek” деп аталган шаардык долбоорлордун сынагын уюштурган. Сынактын жыйынтыгында Сырткы келбет номинациясында Арт-отургучтар долбоору жеңген. Долбоордун алкагында шаардын сейил бактарына жеңүүчү болуп чыккан адамдардын отургучтары орнотулат. 

Жеңүүчүлөрдүн күзгүсү бар отургучтары Токтогул Сатылгановдун эстелигинин алдына ортонулду. Авторлор билдиргендей, мындай отургучта отуруп, маектешкенде адамдардын мамилеси жакындайт.

“Ушундай долбоор уюштуруп, Бишкек шаарын дагы да көркөмдөй алабыз. Биз жеңип, отургучтарды орноттук. Жалпысынан үч сейил багына ар башка отургучтар коюлат” - дейт “Арт-отургучтар” долбоорунун автору Даниэль Абдылдаев.