Жаңылыктар
Жер алдында калгандардын төртүнчүсү 11 сааттан кийин табылган
Өзгөчө кырдаал
Жер алдында калгандардын төртүнчүсү 11 сааттан кийин табылган

Жалал-Абадда көмүр казгандардын акыркысы, куткаруучулардын аракетинде 11 сааттан кийин аман табылган. Учурда ал жергиликтүү ооруканага жеткирилип, абалы турукташып калгандыгын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Эскерте кетсек, 16-декабрда Жалал-Абад облусуна караштуу Таш-Көмүр шаарындагы Северный шахтасынын жанында мыйзамсыз көмүр казып жаткан 4 адамды шахта басып калган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын куткаруу тобу иш алып барып, 2 адамдын жансыз денеси табылган. Ал эми үчүнчүсү аман калып, ооруканага жеткирилген.

Жер алдында калып, табылбай жаткан төртүнчү адамды издөө иштери уланып, натыйжада 11 сааттан кийин тирүү табылып, жергиликтүү ооруканага жеткирилиген.