Жаңылыктар
Алмазбек Атамбаевдин Индияга болгон иш сапары уланууда
Саясат
Алмазбек Атамбаевдин Индияга болгон иш сапары уланууда

Номур биринчи учак кечээ кечинде Нью-Делиден бир нече чакырым алыстыкта жайгашкан Палам аэропортуна келип конду. Президенттин Индияга болгон сапары мамлекеттик макамга ээ. Буга чейин Бишкекке иш сапар менен Индиянын премьер-министри Нарендра Моди келип кеткен. 

Алмазбек Атамбаевдин сапары болсо ага жооп иретиндеги сапар. Анын алкагында өлкө башчы Индиянын Президенти Пранаб Кумар Мукержи, вице-президенти Мохаммад Хамид Ансари, Премьер-министри Нарендра Моди менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтыкты талкуулашат. Адистер белгилегендей, эки мамлекеттин ортосунда саясий кызматташтык жакшы өнүгүп жатканы менен экономика жаатында жылыш аз. 

Андыктан соода-экономикалык кызматташтыкты жандантуу максатында Индияга Кыргызстандан бизнес өкүлдөрү, ар бир тармакка жоопкер болгон министрликтердин жетекчилери да барышты.