Жаңылыктар
Ирлан Казыбек уулу алыш күрөшү боюнча дүйнө кубогунда биринчиликти алды
Спорт
Ирлан Казыбек уулу алыш күрөшү боюнча дүйнө кубогунда биринчиликти алды

Ирлан Казыбек уулу Минск шаарында өткөн алыш күрөшү боюнча дүйнө кубогунда биринчиликти багындырды. 

17 мамлекеттен барган балбандардын арасындагы беттеште, 70 килограмм салмак боюнча күч сынашып, ийгиликти багындырган Ирлан Беларусь өлкөсүндө Кыргызстандын желегин желбиретип кайтты. 

20 жаштагы балбанды Жалал-Абад облусунун жетекчилиги куттуктап, сый көрсөттү. Дүйнө кубогуна Кыргызстандын намысын коргоо үчүн 6 спортчу барып келген.