Жаңылыктар
Бишкекте биринчи балдар хосписи ачылды
Ден соолук
Бишкекте биринчи балдар хосписи ачылды

 Кыргызстанда биринчи балдар хосписи ачылды. Хоспис үчүн имарат Бишкек шаардык мэриясы тарабынан бөлүнүп берилген.

Бул жерде онкологиялык же оор дартка чалдыккан балдарга паллиативдүү жардам берүүгө бардык шарттар түзүлдү. 

Мэрия билдиргендей, шаар жетекчилиги хоспистин бардык коммуналдык чыгымдарын өз мойнуна алат. Бишкектеги мурдагы кургак учук ооруканасын кайрадан ремонттоп, жабдыктарды сатып алууга 3 миллион сом каражат сарпталган.

 Бул жерде бетап балдар жакындары менен 1 айга чейин жатып, дарылана алышат. Дары-дармек бекер.