Жаңылыктар
Ош базарындагы эттин сапаты качан тескөөгө алынат?
Кыргызстан жаңылыктары
Ош базарындагы эттин сапаты качан тескөөгө алынат?

Ош базарында өлгөн малдын эти сатылышы боюнча мамлекеттик органдар эч кандай чара көргөн жок. 

Бул туурасында жарандык активист Ренат Самудинов билдирди. 

Анын айтымында, КТРК аркылуу көрсөтүлгөн атайын журналисттик иликтөөдө он жылдан бери Ош базарында өлгөн малдын эттери сатылып келгени айтылган. 

Бул өз кезегинде тиешелүү мамлекеттик органдардын көңүлүн дароо буруп, жоопкерчиликсиз мамиле кылган жетекчилер кызматтан кетиши керек болчу. 

Тилекке каршы элдин ден соолугуна чоң зыянын тийгизген бул иш боюнча, эч ким кыймылдап да койгон жок. Мындан улам жарандык активист жогорку бийликтегилерге кайрылуу жасады.