Жаңылыктар
Балыкчы шаарында гемодиализ борбору салынууда
Ден соолук
Балыкчы шаарында гемодиализ борбору салынууда

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында гемодиализ борбору салынууда. Бул борбор алты адамга эсептелип, өкмөттүн жеке тарап менен кызматташуусунун негизинде ишке ашууда.

Азыркы тапта курулуштун сексен пайызы аяктап калды. Бул борбор негизинен бөйрөк оорусу менен жабыркаган, жардамга өтө муктаж адамдар үчүн салынып жатат. 

Борбор үчүн керектүү медициналык жабдыктар Түштүк Кореядан алынып келинди. Ишке берилсе Балыкчы шаардык ооруканасынын балансына өткөрүп берүү жагы каралууда. 

Белгилей кетсек, Балыкчы шаарында эле бөйрөк оорусу менен жабыркаган жыйырмага жакын адам бар. Борбордун жардамын Балыкчы шаарына жакын жайгашкан райондордун тургундары да ала алышат. Жеке ишкер бул борборду салуу үчүн жалпысынан сегиз миллион сом сарптаган.