Жаңылыктар
"Тумар" бий тобу Чехиядагы эл аралык конкурста 3-орунду багындырышты
Маданият
"Тумар" бий тобу Чехиядагы эл аралык конкурста 3-орунду багындырышты

"Тумар" бий тобу Чехияда өткөн "Чехия жана Словакия таланттарды издейт" эл аралык конкурсунда 3-орунду багындырып келишти. 

Сынакка 10 өлкөдөн бийчилер барып, өз өлкөсүнүн намысын коргошкон. 

"Эки жылдан бери бул конкурска катышуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Былтыр чакырышкан, бирок демөөрчү таба алган эмеспиз. Бирок конкурстун уюштуруучулары бардык чыгымды өздөрү көтөрдү. 

Калыстардын бирөө "силердин өнөрүңөрдү бүт дүйнө көрүшү керек" - деп аябай толкунданткан, мындан улам катышып келдик" - дейт “Тумар" бий тобунун жетекчиси Эрмек Кадыров.