Жаңылыктар
Өлгөн малдын этин көмүскө сатуучу базардын артында ким турат?
Кыргызстан жаңылыктары
Өлгөн малдын этин көмүскө сатуучу базардын артында ким турат?

Кыргызстанда 10 жылдан бери өлгөн малдын этин көмүскө сатуучу эт базары иштейт. Бул тууралуу жарандык активисттер маалымат жыйынында билдирип чыгышты. Алар Ош базарында түңкүсүн өлгөн малдын этин сатуучу жай тууралуу КТРКнын атайын репортажында көрсөтүлүп, көйгөй көтөрүлгөнү менен мамлекеттик органдар тарабынан эч кандай чара көрүлбөй жатканына нааразы. 

Буга чейин маалымдалгандай КТРКнын «Журналистик иликтөө» көрсөтүүсүндөгү Бишкектеги Ош базарындагы эт саткан жердеги көрүнүш коомчулукту дүрбөлөңгө салды. Анда түнкүсүн базарга туш-тараптан келген малдын эттери   санитардык талапка жооп бербегени, ветеринардын мал тууралуу аныктама кагазы жоктугу, жырткыч тиштеп же башка себептерден өлгөн малдын эттери ачык эле сатылып жатканы баяндалат. Ал арада Ош базарындагы өлгөн малдын этинин сатылышы боюнча көйгөй көтөрүлгөнү менен мамлекеттик органдар тарабынан  эч кандай чара көрүлбөй жатканын жарандык активист Ренат Самудинов билдирди. Ал он жылдан бери Ош базарында малдын өлгөн эттери сатылып келгенин белгилеп, жогорку бийликтегилерге кайрылуу жасады.

Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"