Жаңылыктар
Турар Кожомбердиевди эскерүү кечеси өттү
Маданият
Турар Кожомбердиевди эскерүү кечеси өттү

Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда "Кыргызстан Ленин Комсомолу" сыйылыгынын лауреаты, таланттуу акын Турар Кожомбердиевди эскерүү кечеси өттү. Кыргыз акын-жазуучулары, поэзия күйөрмандары чогулган залда, Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунан акындын 75 жылдыгына карата Турар  Кожомбердиев атындагы «От өчпөгөн коломто» коомдук фондуна 100 миң сомдук сертификат тапшырылды. 

Турар Кожомбердиев Жайылдын  Сары–Булак айылында 1941-жылы 22-июнда туулуп, 1966-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. Ал студент кезинен эле «Кыргызстан пионери» гезитинде адабий кызматкер, 1969-жылдан «Кыргызстан» басмасында редактор, 1976-жылдан Кыргыз ССРинин Маданият министрлигинин аппаратында иштеген. Акынды чыгармачылык жолу 1959-жылы «Мугалимдер газетасына» жарыяланган «Мугалимге» аттуу биринчи ыры чыккандан тартып, гезит-журналдар беттерине басыла баштайт. Анан 1961-жылы «Көлчүктөгү ай» деген ат менен алгачкы ырлар жыйнагы баш болгон:  “Биз турган жер бийик”, “Кызыл алма”, “Тоо үстүндөгү күн”, “Таңкы симфония”, “Күн, жер, жүрөк”, “От өчпөгөн коломто”, “Кызгылтым кеч”, “Нурлуу терезе”, “Токтогул ГЭСи”, “Таңкы жылдыз”, “Ай тийген тоо”, “Базарлык”, “Ыр булак”, “Калптар”, “Кыл чокулар” аттуу ырлар жана поэмалар жыйнактары окурмандардын жана поэзия сүйүүчүлөрдүн сүйүктүү чыгармаларына айланган.  Кыргыздын таланттуу уулу Турар Кожомбердиев, 1989-жылы чыгармачылыгы гүлдөп турган чагында, 48 жашында дүйнөдөн кайткан.

Зинакан Кайыпова, "Биринчи радио"