Жаңылыктар
Эмки жылы таза суу менен камсыз кылуу иши эки эсеге көбөйөт
Экономика
Эмки жылы таза суу менен камсыз кылуу иши эки эсеге көбөйөт

Бишкектеги жаштар карт дарактардын таржымалын иликтеп, шаарды жашылдандыруунун айласын издеп убара болуп жатканда, алыскы аймактагы айылдар иче турган таза сууга зар болуп, көйгөйлөру көп жылдан бери чечилбей жатат. 

Ушул күндөрү республика боюнча 500гө жакын айыл сууну - сайдагы арыктар менен булактардан алып ичет. 

Бирок үмүт үзбөй туралы. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жакында Жогорку Кеңештин отурумунда чыгып сүйлөп, 2017-жылы таза суу менен камсыз кылуу иши эки эсеге көбөйөрүн жарыя кылды.