Жаңылыктар
"Ала-Тоо" аянтындагы жаңы жылдык балаты жандырылды
Кыргызстан жаңылыктары
"Ала-Тоо" аянтындагы жаңы жылдык балаты жандырылды

Бишкекеги "Ала-Тоо" аянтында жаңы жылдык балатынын чырактары жандырылды. Ал улуттук оймо-чийме элесиндеги чырактар менен жасалган. Балатынын бийиктиги – 25 метр. 

Мэриядан билдиришкендей, Улуттук филармониянын алдында, сейил бактарга, райондук акимчиликтердин имараттарынын маңдайына да майрамдык балатылар тургузулат.

Шаар бийлиги мекемелер арасында эң мыкты жаңы жылдык жасалга боюнча сынак да жарыялаган. 

Ошондой эле майрамдык балатылар ар бир облустун жана райондун борборунда орнотулат.

Фото:Арген Бактыбек уулу