Жаңылыктар
Россиянын Түркиядагы элчиси кол салуудан каза болду
Дүйнө
Россиянын Түркиядагы элчиси кол салуудан каза болду

Анкарада Орусиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карлов белгисиз адамдын огунан каза болду. Көргөзмөдө сөз сүйлөп жаткан Орусиянын элчисине бир нече ирет ок атылып, алган жараатынан өзүнө келбей каза болгон. 

Жергиликтүү НТВ телеканалы элчи менен кошо дагы үч адам жарадар болгонун билдирди. Anadolu агенттиги ок аткан адам жеринде жок кылынганын жазды. 

Андрей Карловго бир нече ок аткан адам мурда полицияда иштеп кеткен 22 жаштагы түрк жараны Мевлют Мерт Алтынташ экени аныкталды. Орусия бул кол салууну террордук акт катары баалады. 

Окуядан көп өтпөй Орусия президенти Владимир Путин чукул жыйын өткөрүп, бул аракет чагымчылдар тарабынан жасалганын айтып, окуя иликтенерин жана бул тууралуу Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн билдирди. 

Куралчан адам элчиге ок чыгаргандан кийин алгач араб тилинде, андан соң түркчө сүйлөгөн. 62 жаштагы элчи Андрей Карлов Орусиянын Тышкы иштер министрлигинде 1976-жылдан бери иштеп келаткан. Ал 2013-жылдын июль айында Москванын Түркиядагы башкы дипломаты болуп дайындалган.