Жаңылыктар
Аба ырайы: чукул билдирүү
Кыргызстан жаңылыктары
Аба ырайы: чукул билдирүү

22-23-декабрда абанын температурасы кайрадан кескин өзгөрүп суук түшүп, тынымсыз кар жаап, туруксуз аба ырайынын болушун шарттайт. Буга байланыштуу абанын температурасы төмөндөп жолдор тайгак болот. 

Ал эми бийик тоолуу унаа участкаларында кар көчкү түшүү коркунучу бар дешет адистер. Андыктан алыс жолго чыккан айдоочулар дөңгөлөктөргө кошумча тагылчу чынжырчаны алып жүрүүсү зарыл. Мындан сырткары автоунаалар  500 метр аралыкты сактоого тийиш. Өлкөнүн транспорт жана жол министрлиги кооптуу унаа жолдоруна аладына ала  кам көрүштү. Учурда  жол тазалоо үчүн  кооптуу делген участкаларда тийиштүү техникалар жеринде даяр турат.

Адистердин баамында декабрь айы туруксуз болот. Бирде жылуу болсо, бирде кескин суук болушу мүмкүн. Ал эми  22-23-декабрдан тарта кайрдан катуу суук түшүп  аба ырайы кескин өзгөрүп, тынымсыз кардын жаашы күтүлүүдө.

Бегайым Абдыкадырова, “Биринчи радио”