Жаңылыктар
Айрым мекемелердин функциялары талаш жаратууда
Саясат
Айрым мекемелердин функциялары талаш жаратууда

Маселен, Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл инспекциясы менен Санитардык жана эпидемиологиялык мекеменин аткарган иштеринде окшош жактар бар. Жогорку Кеңештин депутаттары аталган маселеге токтолуп, бул органдардын иштериндеги жоопкерчиликтердин чегин аныктап чыгуу демилгеси көтөрүлдү. 

Парламентте айыл-чарба, тамак-аш коопсуздугуна милдеттүү мекемелер аткарыла турган иштерди бири-бирине шылтап жатканы белгиленди. Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин төрагасы Айтмамат Назаров тиешелүү органдардын функцияларын так аныктоо зарылчылыгын айтат. Бул маселеде адистер ар башка пикирлерди карманышат. Ветеринарлардын аксакалдар кеңешинин төрагасы Байыш Дардаңов сөз болуп жаткан эки мекеменин милдеттери так бөлүштүрүлгөнүн айтып, аларлдын ортосунда талаш жарала турган маселе болушу мүмкүн эмес деп эсептейт.

Мындай пикирге Ветеринария жана тамак-аш коопсуздугу боюнча эксперт Самат Алиев кошулбайт. Ал аталган мекемелер бир бүтүн учурунда иш натйыжалуу жүргөнүн белгилейт. Аны жоюп, экиге бөлүүгө айрым саясатчылар кызыкдар болгонун айтууда. Учурда санитардык жана эпидемиологиялык функция Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы атайын департаментте. Самат Алиев анын бир бөлүгүн Ветеринардык жана фитосанитардык инспекцияга кайра кайтарып берүү талапка ылайык экенин айтат. Бирок, Жогорку Кеңеште аталган эки мекемени кайра бириктирүү жөнүндө сөз болгон жок. Алардын милдеттерин, жоопкерчиликтеринин чегин так аныктоо сунушу гана айтылды. Парламенттин тармактык комитети маселени кайра карап чыгууну туура көрдү.

Калыгул Асамбаев, "Биринчи радио"