Жаңылыктар
Иркусткиде массалык уулануу болду
Дүйнө
Иркусткиде массалык уулануу болду

Сибирдеги Иркутск шаарында "Боярышник" лосьонуна ууланып каза болгондордун саны 54кө жетти. Мындан тышкары оор акыбалда жаткандар дагы бар. 

Иркутск шаарында дем алыш күндөрү курамында спирти бар "Боярышник" лосьон косметикалык каражатын ичип алгандар массалык түрдө ууланган. 

Иликтей келгенде анын курамынан метил спирти табылган. 

Иркутск шаарынын мэри Дмитрий Бердников бул косметикалык каражатты сатууга тыюу салды. 

Кийинчерээк бул каражатты саткан жети адам кармалып, жалпы көлөмү 500 литрден ашык косметикалык каражаттар конфискацияланды. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.