Жаңылыктар
Берлиндеги каргашалуу окуядан 12 адам каза болду
Дүйнө
Берлиндеги каргашалуу окуядан 12 адам каза болду

Кечээ,19-декабрда кечинде Германиянын Берлин шаарынын Шарлоттенбург районунда майрамдык жарманке болуп аткан жерге жүк ташуучу унаа кирип, кишилерди тебелеп кеткен. 

Айдоочу качып кетип, бирок көп өтпөй кармалган. Учурда тергөө иштери жүрүп жаткандыгын  чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты. Ал эми анын жанындагы шериги окуя болгон жерде каза болгондугуна байланыштуу өздүгү такталып жатат.

Полициянын алдын ала маалыматына караганда каргашалуу окуя болгон жерде 12 адам каза болуп, жарат алгандардын саны 50дөн ашкан. 

Кыргызстандын Германиядагы элчилиги полиция менен байланышта болуп, каза болгондор жана жаракат алгандардын арасында мекендештерибиздин бар-жогу такталып жатат. Учурда бул окуя жөн гана авариялык жол кырсыгы же теракт экени так айтыла элек.