Жаңылыктар
Азимжан Аскаровдун соту Аскер сотунда каралууда
Кыргызстан жаңылыктары
Азимжан Аскаровдун соту Аскер сотунда каралууда

Азимжан Аскаровдун соту Аскер сотунда каралууда. 

Бүгүн сот айыпталуучу менен мамлекеттик айыптоочулардын жарыш сөздөрүн угуп жатат.

"Улуттук кастыкты козуткан, жапырт башаламандык уюштурган жана милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановду мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкан", деген айып менен өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылган Азимжан Аскаров күнөөсүн мойнуна албай келет. 

Ал бул жолку жарыш сөздө муну дагы бир жолу баса белгилеп, көрсөтмө берген күбөлөр калп айтып жатканын билдирди. Өз кезегинде мамлекеттик айыптоочулар Аскаровдун иши далилденгенин айтууда.