Жаңылыктар
Кыргызстанга дагы бир чоң базар эшигин ачты
Экономика
Кыргызстанга дагы бир чоң базар эшигин ачты

Евробиримдиктин өзгөчө жеңилдиктер берилген системасына дүйнө жүзү боюнча 15 эле мамлекет кирет. Алардын ичинен биримиктин бул системасына Борбор Азия боюнча Кыргызстан гана кошулду. 

Кыргызстанга дагы бир чоң базар эшигин ачты. Болгондо да кыргыз продукцияларына Европа өлкөлөрүнүн рыногунон орун берилди. Эми айыл чарба продукцияларын, тери жана жүндөн жасалган товарларды Европа өлкөлөрүнө бажы төлөмүсүз экспорттосо болот.

Европа рыногунда кыргыз балы жогору бааланат. Балчылар союзу жылына 500 тонна аселди экспорттойт. Балчылар аарыдан алынган мумду дагы саткандын эбин тапкан. Жылына Европага 40 тонна мум экспорттолот. Кыргызстандын Евробиримдик системасына кошулушу менен эми анын көлөмүн 100 тоннага жеткирүүнү мерчемдөөдө.

 

Ал эми уста, кол өнөрчү Жылкычы Шаршембиевдин жасаган ээрлеринин басымдуу бөлүгү Европага сатылат. Ээрчинин эмгегин европалыктар ал тургай буюртма менен алдыртышат. Булар европа рыногунда акырындык менен орун очок алып келе жаткан кыргыз товарлары. Мындан башка да Евробиримдик айыл чарба азык-түлүктөрүн, кайра иштетилген продукцияларды экспорттоого жол ачты. Бирок биримдин талабы да жогору.

“Алар сертификация, стандартизацияга өзгөчө көңүл бурат. Бул багыттагы атайын параметрлерден өтүш керек. Бирок ошол талаптарын аткарып, продукциябызды экспорттоп алсак, биздин экономикага чоң жардам болот”,- дейт Талант Султанов, Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору  

Кыргызстандын Евробиримдиктин ВСП+ системасына кошулушу экономикага бир топ жөлөк-таяк болоорун талдоочулар айтууда. Анан да инвестиция тартууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ошол эле Евразия экономикалык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн ишкерлери Кыргызстандан ишмердүүлүгүн жүргүзүп, продукциясын Европага экспорттоо үчүн келиши мүмкүн. Анткени Европа өлкөлөрүнө бажы төлөмүсүз товарды экспорттоо мүмкүнчүлүгү Борбор Азиядан Кыргызстанда эле бар.